Ош – Ноокат жолунун жаңыланган жана кеңейген бөлүгү ачылды 
31 октябрь

Ош – Ноокат жолунун жаңыланган жана кеңейген бөлүгү ачылды 

Бүгүн Ош – Ноокат автожолунун жаңыланган жана кеңейген бөлүгүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

2025-жылы Ош-Баткен – Раззаков автожолунун калган бөлүгүн асфальттоо пландалып жатканы, бул иштер аткарылса Ош менен Баткен облустарын байланыштырган негизги жол каттамы толук оңдолуп бүтөт.

Ош – Баткен – Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолунун Ноокат районун аралап өткөн эң орчундуу бөлүгү 13,5 чакырым аралыгынын экинчи катмары толук төшөлүп бүткөн.