УКМКнын ардагери Мурат Осмонов дүйнө салды
8 октябрь

УКМКнын ардагери Мурат Осмонов дүйнө салды

КР УКМК 2024-жылдын 7-октябрында КРнын Улуттук коопсуздук органынын ардагери, отставкадагы полковник Осмонов Мурат Эмилович дүйнөдөн кайткандыгын маалымдайт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана өздүк курамы анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.