ИИМдин кызматкерлери мамлекеттик органдар менен коррупцияга каршы кызматташууну күчөтүүдө
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен, ошондой эле Ош шаарындагы ооруканалардын башчылары жана ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.
Иш-чаранын максаты - коррупциялык жана экономикалык мүнөздөгү мыйзам бузуу фактыларын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жолугушууда антикоррупциялык иш-чаранын актуалдуу маселелери талкууланып, учурдагы тобокелдиктер боюнча анализ жүргүзүлүп, маалыматты өз убагында алмашуу механизмдери жана мекемелер аралык кызматташууну өркүндөтүү жолдору каралды. Айрыкча ачык-айкын иш жүргүзүү, натыйжалуу коммуникация жана маалыматты ыкчам алмашуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
ИИМдин кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү - компетенттүү мамлекеттик органдардын тыгыз өз ара кызматташуусун талап кылган иш экендигин белгилеп, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоого багытталган мындан аркы өнөктөштүккө даяр экендигин билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бардык катышкан ведомстволорго жана уюмдарга иштөөдө натыйжалуу кызматташканы үчүн ыраазычылык билдирет жана мыйзамдуулукту бекемдөө менен коррупцияга каршы чараларды жакшыртууга багытталган демилгелерди колдогонун өзгөчө белгилейт.
