Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
Бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Азыркы тапта аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.
Көчкү жолдун 76-81-82-чакырымдар аралыгына 6 жерден түшкөн. Кошумча маалымат берилет.
Учурда Каракол — Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда бороон болууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
