
Кыргызстан менен Түркия кызматташтыктын келечегин талкуулашты
КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев 18-октябрда Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия жана ТМУ боюнча башкы директору Гөкхан Туран жетектеген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы өз ара сапарларга, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.