Кыргызстандагы балдар укугу: 3370 бала жетим калса, 87 миң баланын ата-энеси миграцияда
10 декабрь

Кыргызстандагы балдар укугу: 3370 бала жетим калса, 87 миң баланын ата-энеси миграцияда

10-декабрь Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү. Кыргызстан 1994-жылы эле алгачкылардан болуп балдардын укугун коргоо боюнча конвенцияны ратификациялаган. Коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып, өлкөдө Балдар кодекси иштейт жана ага кошумча көптөгөн мыйзамдар бар. Ал эми коңшу мамлекеттерде балдардын укуктары мыйзамдар аркылуу гана корголот. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин  Үй-бүлөгө балдарга кызматтарды өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси  Бакыт Тодогелдиевдин айтымында, Балдар кодексине ылайык, бала 18 жашка чыкканга чейин ата-эненин камкордугунда болууга, алардын тарбиясын алууга тийиш. Ал эми кайсы бир себептер менен ата-эненин камкордугунан ажыраган балдарды мамлекет өз камкордугуна алат. 

“Балдар укугу дегенде, мыйзам биринчи кезекте баланын укугун коргоо, камкордук көрүү милдетин ата-энеге жүктөйт. Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча орган – бул Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги. Министрликтин 53 аймактык мекемесинде 198 кызматкер балдардын укугу боюнча иш алып барышат жана жалпы республика боюнча 550 социалдык кызматкер да ушул жаатта иштешет”, – деди ал. 

Ал белгилегендей, Кыргызстанда учурда 18 жашка чыга элек 2 млн 720 бала жашайт. Алар өлкө калкынын 37,3 пайызын түзөт. Анын ичинен 9900 бала бүгүнкү күндө интернаттарда жашашат. Ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча, 4800 бала турмуштук оор кырдаалга кабылган. 3370 бала ата-энесинен айрылган, алар мамлекеттин камкордугунда. 87 миң баланын ата-энеси миграцияда жүрөт.