Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлар дагы деле катталууда
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын-алуу жана сантитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин башкармалыгынын башчысы Динагүл Оторбаева "Биринчи радионун" түз эфиринде өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун "тездик менен көбөйүшү" жөнүндө билдирди.
Анын айтымында, 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин 37 миң 68 учур, ал эми 1-декабрдан 5-декабрга чейин 42 миң 561 учур катталган.
Жуккандардын көпчүлүгү 14 жашка чейинки балдар, бирок чоңдор да ооруп, инфекцияны жаш балдарга жугузуп жатышат.
Оторбаева сезондук жана жылдык өсүш вирустардын жашоого жөндөмдүүлүгүнө өбөлгө түзгөн суук мезгилге байланыштуу экенин белгиледи. Аныкталган инфекциялардын арасында А (H3N2) сасык тумоосу басымдуулук кылат, А (H1N1) жана В сасык тумоосунун обочолонгон учурлары бар, ал эми COVID-19 учурлары катталууда.
Эпидемиолог ар кандай вирустар менен кайра жугуп калбоо үчүн, айрыкча, оорунун күчөгөн мезгилдеринде, бет кап кийүү, колдун гигиенасын сактоо жана социалдык аралыкты сактоо сыяктуу алдын алуу чараларын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Кыргызстандагы учурлардын көбөйүшү Европа аймагындагы башка өлкөлөрдөгү кырдаалга дал келет.
