Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанда канча күн каттоосуз жүрө алат?
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандар өлкө аймагына кирген күндөн тартып каттоого турууга милдеттүү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлү Мелис Памиров билдирди.
Айтымында, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы №541 токтому менен чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби бекитилген.
“Ага ылайык, чет өлкөлүктөр Кыргызстандын аймагына кирген күндөн тартып каттоого турушу керек. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн: Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Россиянын жарандары 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алат. Андан ашык жүрсө алар да каттоого турууга тийиш. Эгерде чет өлкөлүк жаран каттоосуз 90 күн жүрсө, Кыргызстандын аймагынан чыккандан кийин кайра өлкөгө 90 күндөн кийин гана кире алат. Ага чейин чек арадан өтүү мүмкүнчүлүгү берилбейт”, – деди Памиров.
