Шымкентте Кыргызстандын Ардактуу консулунун кеңсеси ачылды
27 май

Шымкентте Кыргызстандын Ардактуу консулунун кеңсеси ачылды

Шымкент шаарында 23-майда Кыргызстанда Алматы шаарындагы Башкы консулу Талгат Айтбаев тарабынан расмий түрдө Кыргыстандын ардактуу консулунун кеңсеси ачылды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Иш-чара жергиликтүү аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн, анын ичинде Шымкент шаарынын акиминин биринчи орун басары Куаныш Асыловдун, коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Ардактуу консулдун кеңсесинин ачылышы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук жана ишкер байланыштарды мындан ары чыңдоого, региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, гуманитардык, маданий жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле Түштүк Казакстан аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Ардактуу консул Талгат Айтбаев жаңы кеңсе эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ошондой эле аймактагы кыргыз жарандарынын жана ишкерлердин практикалык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн натыйжалуу аянтча болоруна ишенимин билдирди.