Нячанг — Бишкек каттамы боюнча бараткан учак Индиянын аэропортуна техникалык конуу жасаган
4 май

Нячанг — Бишкек каттамы боюнча бараткан учак Индиянын аэропортуна техникалык конуу жасаган

Нячанг — Бишкек каттамы боюнча бараткан аба кемеси Колькутта шаарынын (Индия Республикасы) аэропортуна техникалык конуу жасаган. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Air nomad авиакомпаниясынын маалыматына ылайык, конуу май куюу жана учуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн.

Жүргүнчүлөрдүн арасындагы 163 Кыргызстандын жараны мейманканага жайгаштырылып, эки маал тамак-аш жана бардык зарыл шарттар менен камсыз болушкан. 

Авиакомпания тарабынан кошумча аба борту берилген, анын Бишкекке учуусу бүгүнкү күндүн кечки убактысына пландаштырылган.