Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому жаңы маданият үйүн ачты
23 апрель

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому жаңы маданият үйүн ачты

Бишкек шаарында 21-апрелде Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун өз каражатына курулган жаңы Маданият үйүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Эдил Байсалов «Кеңеште биз майыптыгы бар адамдардын маселесин дайыма көтөрүп келебиз. Биздин милдет — ар бир адам өзүн коомдун татыктуу мүчөсү катары сезип, ак эмгеги менен жашоосун камсыздай алган шарттарды түзүү жана көзкарандысыз болууга мүмкүнчүлүк берүү» деп белгиледи.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров өз сөзүндө мындай деди:

«Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча Ысык-Көл жана Ош облустарында реабилитациялык борборлорду курууга колдоо көрсөтүлүүдө. Долбоордук-сметалык документтер иштелип чыгууда. Мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүктөр изделүүдө, анын ичинде инклюзивдүү коомду түзүү боюнча эл аралык тажрыйба изилденүүдө, анда ар бир адам бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Цивилизациянын деңгээли мамлекет майыптыгы бар адамдарга канчалык кам көрөрү менен аныкталат". Ошондой эле министр, «Тилекке каршы, бардык эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар жалпыга жеткиликтүү маданият жайларына бара алышпайт. Ошондуктан, азыр мына ушундай жайлуу жана жеткиликтүү жаңы орундун ачылышы — өтө маанилүү. Бул жерде адамдар өз таланттарын өнүктүрүп, башкаларды кубантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат» — деди ал.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев уюм мүчөлөрүнүн демилгелүүлүгүн жана өз жанын аябастан иш алып баруусун жогору баалады:

«Көп учурда бизден мектептерди, борборлорду курууну талап кылышат, ал эми бул жерде — мен биринчи жолу уюм өзү каражат таап, мындай имарат курганын көрүп жатам. Бул абдан чоң урмат-сыйга татыктуу. Биз буга чейин сегиз пандус орнотуп бердик, эми шаар мэриясынын тараптан айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерине колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле биз КДККнын өндүрүш ишканалары менен кызматташабыз — алардын продукциясы, мисалы, отургучтар шаардагы парктарга жана скверлерге орнотулат. Биз сиздердин уюм чыгарган товарларды сатып алууга жана маданий иш-чараларга чыгармачыл жамааттарыңызды тартууга даярбыз», — деп билдирди.

Иш-чаранын соңунда «Көзү азиздер жана дүлөйлөр коому» уюмунун таланттуу жаштар тарабынан даярдалган майрамдык концерт болуп өттү.