Бишкекте «Бедел» өткөрүү пунктунун курулуш долбоорунун аткарылышы талкууланды
Бишкетке мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А. Салиевдин кытайлык эксперттердин делегациясы менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык жардамынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Бедел өткөрүү пунктун куруу жана аны жабдуу» долбоорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоонун алкагында өттү.
Тараптар долбоорду ишке ашыруунун негизги аспектилерин, анын ичинде тышкы жардам көрсөтүү жол-жоболорун, долбоордук документтерди даярдоо этаптарын, ошондой эле техникалык стандарттарды жана ишти аяктоо мөөнөттөрүн талкуулашты.
Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы чек арага жакын аймактарды өнүктүрүү, соода-транзиттик потенциалды кеңейтүү, мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн долбоордун стратегиялык маанисин белгиледи. Ал кытай тарапка алардын кызыгуусу жана конструктивдүү өз ара аракети үчүн ыраазычылык билдирди.
Кызматташтыкты улантуунун алкагында 2025-жылдын 29-майына кытайлык эксперттик топтун «Бедел» өткөрүү пунктунун курулушу болжолдонуп жаткан жерге баруусу пландаштырылууда.
Кароо бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте техникалык параметрлерди тактоо жана долбоорду ишке ашыруу шарттарына алдын ала баа берүү максатында жүргүзүлөт.
