Бишкекте ысык суу качан берилери айтылды
27 май

Бишкекте ысык суу качан берилери айтылды

Бишкекте 31-майдан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалыматында айтылат. 

Маалыматка ылайык, азыркы тапта шаардагы жылуулук түтүктөрү басым менен сыналууда.

Эске салсак, быйыл Бишкекте жыл сайын жүргүзүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу 21-апрелден 31-майга чейин 40 күнгө ысык суу өчүрүлгөн.