Ош шаарындагы Амир-Тимур көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
23 апрель

Ош шаарындагы Амир-Тимур көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Ош шаарындагы Амир-Тимур көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Мэриядан кабарлашкандай, көчөнүн узундугу 1800 метрди, кеңдиги: 23-25 метрди түзөт. 

Учурда Абдыкадыров көчөсүнөн Мамыров көчөсүнө чейинки бөлүк жабылып, жолду тегиздөө жана асфальттоого даярдык иштери жүрүүдө.

Ошондой эле жаңы лотоктор орнотулуп, тротуар басылууда.

Эске салсак: буга чейин аталган көчөдөгү кызыл сызыкка чыгып кеткен, талапка жооп бербеген курулуштар буздурулган. Лотоктор алынган.

Белгилей кетсек, Амир-Тимур көчөсү мурда Калинин көчөсү деп аталган.