Кыргызстан менен Азербайжан айыл чарба продукцияларын өз ара жүргүзүүнү көбөйтүү маселесин талкуулашты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын айыл чарба министри Меджнун Мамедов менен жолукту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар айыл чарба продукцияларын өз ара жүргүзүүнү көбөйтүү, кайра иштетүү, ветеринардык жана фитосанитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, заманбап агротехнологияларды киргизүү маселелери боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясы Бакудагы кеме куруучу заводдо, Гейдар Алиев атындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо жана Баку шаарындагы Кыргызстандын Соода үйүндө болушту.
Кеме куруучу заводдо кыргыз делегациясына кемелерди куруудагы жана Транскаспий коридорун тейлөө боюнча компаниянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Кыргыз тарап менен кеме куруу жана транспорттук-логистикалык максаттарда кызматташуунун келечеги талкууланды.
Ал эми, Гейдар Алиев атындагы нефтини кайра иштетүүчү заводдо кыргыз тарап мунай иштетүүнү модернизациялоо жана тереңдетүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгып, мунай продуктыларын жеткирүү боюнча потенциалдуу кызматташууну жана энергиянын натыйжалуулугун жана экологиялык стандарттарды жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашууну талкуулады.
Бакудагы Кыргызстандын Соода үйүн кыдыруу учурунда болсо, Азербайжандын базарында кыргыз продукциясын жылдыруудагы жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүдө Соода үйүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана биргелешкен ишкердик демилгелерди активдештирүүнүн зарылдыгы айтылды.
Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү айыл чарба, транспорт, энергетика жана соода тармагындагы далилдүү долбоорлор менен кеңейтүү ниетин ырасташты.
Жумуш сапардын алкагында кыргыз делегациясы азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесин эскерди.
