Таласта мончого барган 14 жаштагы кыз каза болду
10 декабрь

Таласта мончого барган 14 жаштагы кыз каза болду

7-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылында кайгылуу окуя болгон. 2010-жылы туулган 14 жаштагы мектеп окуучусу мончого баргандан кийин каза болгон.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, кыз таякесинин үйүндөгү мончодо эс-учун жоготкон абалда табылган.

Дарыгерлердин алдын ала берген маалыматына караганда, кыз көмүртек кычкыл газга ууланган.

Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө окуя тууралуу райондук жалпы практикалык борбордон маалымат келип түшкөн. Жашы жете элек кыз ооруканага жеткирилгенде каза болуп калганы кабарланган.

Учурда укук коргоо органдары окуянын жагдайларын жана имаратта көмүртек кычкыл газынын топтолушунун мүмкүн болгон себептерин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүп жатышат.