Кыргызстан Russian Traveler Awards версиясы боюнча мыкты туристтик багыттардын бири деп табылды
2025-жылдын 8-декабрында Москва шаарында «Russian Traveler Awards» улуттук туристтик сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү, анда Кыргыз Республикасы жылдын мыкты чет элдик туристтик багыттарынын бири катары расмий таанылды.
КР Экономика министрлигинен кабарлашкандай, бул маанилүү жетишкендик саякатчылардын өлкөгө болгон кызыгуусунун өсүп жатканын чагылдырып, туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди тастыктайт.
Жеңүүчүлөр ачык онлайн-добуш берүүнүн жана эксперттик калыстар тобунун баалоосунун жыйынтыгы боюнча аныкталды. Добуш берүүгө миллиондон ашык колдонуучу катышты — бул Сыйлык үчүн рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Уюштуруучулардын пикири боюнча Кыргыз Республикасы өзүнүн укмуштуудай жаратылыш ландшафттары, чыныгы көчмөн маданияты, экологиялык жана укмуштуу туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген туристтерди өзүнө тартып турган меймандостугу менен айырмаланды.
Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Боконтаев абройлуу сыйлыкты алып жатып, өз сөзүндө өлкө туристтик потенциалды өнүктүрүүгө жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Көрүлүп жаткан чаралардын жана аракеттердин аркасында Кыргызстандын туристтик багыт катары жагымдуулугу жыл сайын өсүүдө. Бүгүнкү күндө тоо лыжа кластери өзгөчө көңүл борборунда турат. Кышкы эс алууну жайылтууга багытталган бир катар ири долбоорлор ишке киргизилип, алардын катарында Борбор Азиядагы эң ири дүйнөлүк деңгээлдеги «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа курорту да бар.
Сөзүнүн аягында элчи бардык кызыкдар тараптарды Кыргыз Республикасынын көчмөн маданиятын чагылдырган маанилүү жана масштабдуу иш-чарага — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.
Маалымат үчүн: Russian Traveler Awards — бул жыл сайын өткөрүлүүчү Улуттук туристтик сыйлык болуп, ал төртүнчү жыл катары менен өлкөбүздүн негизги туристтик жетишкендиктерин белгилеп келет. Сыйлык Russian Traveler басылмасы тарабынан уюштурулуп, «Туризм жана меймандостук» улуттук долбоорунун колдоосу менен өткөрүлөт. Анын максаты — саякатчылар үчүн эң кызыктуу нерселердин баарын аныктоо жана көрсөтүү: көрүнүктүү жерлерден жана уникалдуу маршруттардан баштап, өзгөчө салттарга жана жаркын майрамдарга чейин.
