Бишкек: коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга 200 000 сом айып салынды
Бүгүн, 9-декабрда Бишкек шаарынын 10-кичи районунун №20 а дарегиндеги курулуш объектисинде коопсуздук техникалык эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу жашоочулардан видео кайрылуу келип түшкөн.
Курулуш министрилигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлгөн объект боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп, текшерүү жүргүзүлдү. Маалым болгондой, 4 кабаттуу соода борбордун курулушунда эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Глав Тех Инвест” ЖЧКсына карата админстративдик акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Ал эми курулуш объектисиндеги башчыга (прораб) 5500 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле жазуу турүндө эскертүү берилип, кемчиликтер жоюлмайынча курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Мындан сырткары, курулуш компаниясынын лицензиясын токтотуу маселеси атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунда каралат.
Министрлик бардык курулуш уюмдарына Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын ченемдерин, ошондой эле курулуштагы коопсуздук техникалык талаптарын толук сактоо зарылдыгын эскертет. Эгер сакталбаган учур аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт.
