Бишкекте дүкөнгө жасалган талап-тоноо аракети дүрбөлөң баскычы аркылуу бөгөттөлдү
10 декабрь

Бишкекте дүкөнгө жасалган талап-тоноо аракети дүрбөлөң баскычы аркылуу бөгөттөлдү

2025-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн кайтаруусунда турган Бишкек шаарында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде саат 00:22де «Айгай» сигналы иштеген.

Кызматтык чакырык боюнча Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн экипаж окуя болгон жерге саат 00:25те жетишкен.

Берилген дарекке келген кызматкерлер дүкөндүн эшиги талкаланганын аныкташкан. Объект ичин ыкчам текшерүү учурунда качууга аракет кылган шектүү жаран – Е.С.Н., 14.12.1966-ж.т. – изи сууй электе кармалып, мыйзамдуу тартипте Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.