БШКнын мурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова элчилик кызматка дайындалды
22 апрель

БШКнын мурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекова элчилик кызматка дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Шайлдабекова Нуржана Кармабековна Кыргызстандын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин башка жарлыгына ылайык, Толенды Макеев Кыргызстандын Австрия, Словакия жана Чехиядагы элчиси, ошондой эле ЕККУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 10-февралында Нуржан Шайлдабекова өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. Ал 2016-жылдын июнунан бери БШКнын башкарып келген. 

Ваканттык орунга Боршайкомдун мүчөлөрүнүн чечими менен анын орун басары Тынчтык Шайназаров төрага болуп шайланган.