Кыргыз дарыгерлери Францияда ыкчам медицина боюнча окуудан өтүшөт
Франциянын Кыргызстандагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталь менен Франциянын Кыргызстандагы Элчилиги ортосунда 2025–2026-жылдарга карата кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.
Документке Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Файе мырза жана Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов кол коюшту.
Макулдашуу ыкчам медициналык жардам көрсөтүү боюнча кыргыз адистеринин компетенцияларын жогорулатууга багытталган «Ыкчам медицина чөйрөсүндөгү франк-кыргыз кызматташтыгы» аттуу долбоордун алкагында ишке ашырылат.
Долбоор Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен France Expertise Fund – FEF фонду тарабынан каржыланат.
Анын алкагында болжол менен 20 000 евро каралып, кыргыз дарыгерлеринин Франциянын клиникаларында окуусун жана тажрыйбадан өтүшүн уюштурууга багытталат. Жалпысынан Францияда ыкчам медицина боюнча алты кыргыз адиси тажрыйба топтоодон өтөт деп пландалууда.
Программа Франциядагы ыкчам медицинанын уюштурулуш системасы менен таанышууну; өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруунун заманбап стандарттарын үйрөнүүнү; телемедицина, логистикалык жана медициналык башкаруу багытында тажрыйба алмашууну камтыйт.
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов бул долбоордун Кыргызстандагы ыкчам медицинанын өнүгүшү үчүн маанилүүлүгүнө токтолуп:
«Бул макулдашуу өлкөбүздө ыкчам медицина системасын калыптандырууга чыныгы колдоо болот. Биз Франциянын Элчилигине борборлоштурулган ыкчам жардам кызматын түзүү демилгебизге колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганбыз жана бул иш колдоо тапты. Француз тарап дарыгерлерибизге мыкты клиникаларда тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Биз буга чейин кызматты борборлоштурууну баштаганбыз, алынган тажрыйба бул ишти эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүүгө өбөлгө түзөт», – деп белгиледи Бакыт Тологонов.
