Бишкектин батыш тарабында 8-октябрда ичүүчү суу жок болот
8 октябрь

Бишкектин батыш тарабында 8-октябрда ичүүчү суу жок болот

Бишкектин батыш тарабында 8-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 

Өчүрүү  төмөнкү көчөлөрү менен чектелет: Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев,  Гагарин, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Омур, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, «Рабочий Городок», «Институт Землиделия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана  «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Юго-Западный»    суутоптоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» МИси  келтирилген   ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.