Бүгүн, саат 10:30да ӨКМдин куткаруучулары 3 адамдын сөөгүн табышты.
19 октябрь

Бүгүн, саат 10:30да ӨКМдин куткаруучулары 3 адамдын сөөгүн табышты.

19-октябрда таң эрте издөө иштеринин натыйжасында изделип жаткан 3 адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан саат 10:30да табылды.

Тактап айтканда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алыскы Ак-Сайында кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон 6 жаранды издөө иштери аткарылган.

Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ,18-октябрда табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Ал эми бүгүн табылган 3 адамдын сөөгүн куткаруучулар ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүшүүдө.

Белгилей кетсек, кар көчкүдөгү издөө иштери ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө өттү.