Автоунааларды каттоо үчүн күнү-түнү иштеген жаңы бөлүм ачылды
Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунун жаңы «Биримдик-24» күнү-түнү иштеген бөлүмү Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда ачылды. Бөлүм борбор калаанын Биримдик-Кут айыл аймагынын 2-көчөсү, 18/3 дарегинде жайгашкан.
Мындан тышкары, бул иш-чаранын алкагында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен салына турган Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборунун башкы кеңсесинин курулуш долбоору тааныштырылды. Президенттин Иш башкармасынын Капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Байэль Токтомушев долбоор боюнча маалымат берип, комплекс жалпы 10 гектар жер тилкесинде курулуп, имараттын жалпы аянты 8 000 м² болорун белгиледи.
Каныбек Туманбаев борбор буга чейин өз имараты жок болуп, ар кайсы жерде ижарада иштеп келгенин белгилеп, жаңы комплекс бул көйгөйдү чечерин жана курулуш белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүп, жүргүзүлүп жаткан реформалар ырааттуу улантылышы керектигин айтты. Ошондой эле иш башкаруучу буга чейинки негизги маселе болуп келген коррупциялык схемаларды тазалоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү жоопкерчиликтүү берүү приоритетүү иш экенин кошумчалады.
