Каракол шаарындагы "Хан-Теңири" турак жай комплексинде өрт-тактикалык машыгуу өттү
Бүгүн, 24-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мамлекеттик ипотекалык курулуш компаниясы курган "Хан-Теңири" турак жай комплексинде өрт-тактикалык машыгуу өттү.
Машыгууда жашоочуларга батирлердин балконунда жайгашкан эвакуациялык жолду (люктарды) жабуу кооптуу экенин түшүндүрүү иш-чарасы өттү. Анткени өрт кырсыгы учурунда жарандардын сыртка чыгуучу негизги жол тепкич жана эвакуациялык люк болуп саналат. Ал эми кырсык учурунда лифт колдонууга тьюу салынат!
Машыгууда ошондой эле жарандарга өрт коопсуздук эрежелери жеткирилип, кичинекей балдар өрт өчүрүү унаасы, атайы шаймандар менен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
Ысык-Көл облусундагы алгачкы мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 3 105 батир курулат. 69 блок, ар бири 9 кабаттуу.
Курулуш иштери толугу менен 2027-жылдын аягына чейин аяктайт.
Биринчи этап менен 2025-жылдын 8-августунда Президент С. Жапаров 420 батирдин ачкычын тапшырган.
