Биримдик-Кут конушу жарыктандырылды
22 апрель

Биримдик-Кут конушу жарыктандырылды

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы административдик-аймактык реформанын (АТР) алкагында Свердлов районунун курамына кирген Биримдик-Кут коунушун жарыктандыруу иштерин аяктады.

Мэриядан кабарлашкандай, долбоордун алкагында ишкананын адистери 200 заманбап чырак  орнотуп, 5400 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зымды (СИП) тартып, 68 сырткы жарык берүүчү түркүктөрдү орнотушту.

Натыйжада, аймак толугу менен жарыктандырылып, ыңгайлуулук жана коопсуздук  жогорулады.