Элчи Төлөндү Макеев Австрияда жашаган мекендештер менен жолугушту
Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде элчи Төлөндү Макеев Австрияда жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Ал азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздеген аталарыбыздын кошкон салымына арналды.
Жолугушуунун жүрүшүндө лчи Т.Макеев 2024-жылдын 24-июнундагы №205 «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын негизги жоболору менен тааныштырды. Бул Жарлык менен Абдыкерим Сыдыковдун, Иманалы Айдарбековдун, Жусуп Абдрахмановдун, Абдыкадыр Орозбековдун жана Ишеналы Арабаевдин азыркы Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон тарыхый салымы расмий түрдө тастыкталат. Элчи ошондой эле алардын элесин жана көрүнүктүү жетишкендиктерин сактап, жаш муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, өзгөчө көңүл 2024-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын президенти бекиткен «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» доктринасына бурулду. Бул доктрина руханий жана улуттук баалуулуктарды кайра жаратуу, элдин биримдигин чыңдоо жана жарандык патриотизмди өнүктүрүүгө багытталган.
Андан соң иш-чаранын конокторуна жогоруда аталган мамлекеттик ишмерлердин өмүрү жана тагдыры, азыркы Кыргызстандын калыптануу процесстери тууралуу тарыхый видеоматериалдар көрсөтүлүп, алар катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.
Иш-чаранын жыйынтыгында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы боюнча ачык талкуу жана пикир алмашуу орун алды.
