«Ысык жана нымдуу күнү адам тердеп, тамак-ашында туз көп болушу керек» - Тердегенде деле организм тузду өтө аз жоготот, ошондуктан ысыкта жана жогорку нымдуулукта ашыкча туздун кереги жок; бирок сууну көп ичүү маанилүү.
«Деңиз тузу «табигый жаратылган» болгондуктан, өнөр жайда өндүрүлгөн тузга караганда «ден-соолукка пайдалуу» эмес - Туздун келип чыгышына карабастан, анын курамындагы натрий ден соолукка терс таасирин тийгизет.
"Тамак-аш даярдоодо туз кошуу организмдеги туздун негизги булагы эмес" - Көптөгөн өлкөлөрдө рациондогу туздун болжол менен 80% өнөр жайлык кайра иштетилген тамак-аштын бир бөлүгү катары керектелет.
"Тамактын даамдуу болушу үчүн туз колдонуунун кажети жок" - Адамдын даам сезүү рецептору дароо ыңгайлашпайт, бирок тузду аз колдонууга көнүп калганда, алар тамактан ырахат алып, кененирээк даамдарды сезе баштайт.
"Тузу жок тамак татымалсыз сезилет" - Чын эле башында ошондой болушу мүмкүн, бирок көп өтпөй даам сезүү органдары туздун азайышына ыңгайлашып, адам тузу аз, бирок даамдуу тамакты баалаганга көнүп калат.
"Туз көп кошулган тамактын гана даамы туздуу" - Кээ бир туздалган тамак-аштар туздуу даамга ээ эмес, анткени алар кант сыяктуу тузду маскалоочу башка ингредиенттер менен айкалышат. Азык-түлүктөрдүн курамындагы натрийди билүү үчүн этикеткаларга көңүл буруу керек.
"Улгайган адамдар гана туздун көлөмүнө көңүл бурушу керек" - Тузду ашыкча колдонуу ар кандай курактагы адамдардын кан басымынын көтөрүлүшүнө алып келет.
"Тузду азыраак колдонуу ден соолугума зыян келтириши мүмкүн" - Тузду өтө аз колдонуу өтө кыйын, анткени ал күнүмдүк тамак-аштын көбүндө кездешет.