Ысык-Көлдө ири туризм форуму өтөт
Ысык-Көлдүн жээгинде ушул жылдын 3-майында «ТУРИЗМ 2030: Борбор Азия — бирдиктүү туристтик мейкиндик» аттуу ири туризм форуму өтөт. Бул тууралуу Туримзди өнүктүрүүнү колдоо фондунан кабарлашты.
Форумга БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун (UNWTO) Европа жана Борбор Азия боюнча директору Кордула Войлмутер (Mrs. Cordula Wohlmuther) катышарын тастыктады. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Азербайжан жана Бириккен Араб Эмираттарынан спикерлер жана делегациялар күтүлүүдө.
Иш-чаранын программасында туризм тармагындагы заманбап багыттар, ошондой эле туристтик стартаптарды өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Форум TourismFest фестивалынын алкагында өтөт. Ошол эле күнү, 3-майда, ипподромдо туристтик жарманке уюштурулат. Жарманкеге туристтик ишканалар, кол өнөрчүлөр жана региондук өндүрүүчүлөр катышмакчы.
