Улан Жамалидинов Улуттук банктын башкармасынын мүчөсү кызмат ордунан бошотулду
24 октябрь

Улан Жамалидинов Улуттук банктын башкармасынын мүчөсү кызмат ордунан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү Жамалидинов Улан Тилектешович жеке арызы боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду.