Ноокен районунда “Өспүрүм түн” аталышта иш-чара өткөрүлдү
24 октябрь

Ноокен районунда “Өспүрүм түн” аталышта иш-чара өткөрүлдү

Ноокен РИИБдин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте “Өспүрүм түн” аталышта иш-чара өткөрүштү.

Аталган иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдүн түнкүсү көчөдө максатсыз жүрүп, топтошуп балдардын мушташуусунун алдын алуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү саат 23:00 дөн кийин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн жалпы 12 бала аныкталган. Ал эми 5 баланын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып пулдар салынды.