Бишкек мэриясы жыл сайын өтүүчү кимчи фестивалына чакырат
24 октябрь

Бишкек мэриясы жыл сайын өтүүчү кимчи фестивалына чакырат

2025-жылдын 25-октябрында Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү корей кимчи фестивалы өтөт.

Коноктор корей тамактарынын даамын татып, салттуу кийимдерди кийип көрүп, корей маданияты жана каада-салттары менен тааныша алышат.

Иш-чара Курманжан Датка эстелигинин алдындагы аллеяда саат 10:00дөн 17:00гө чейин өтөт (расмий бөлүгү саат 14:00дөн 15:00гө чейин).