Кеңейтилип, асфальт басылат. Ош шаарындагы Кулмаматов көчөсү оңдолууда
Ош шаарынын Достук кичи районундагы К. Кулмаматов (47-көчө) көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, узундугу 1200 метрди түзгөн жол кеңейтилип, асфальт басуу иштери аткарылды. Учурда ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар курулууда. Ошону менен катар көпүрөнүн курулушу да жүрүүдө.
Буга чейин бул көчөдө асфальт болгон эмес. Көпүрөсү да эскилиги жетип, талапка жооп бербеген абалда болгон.
