Талас облусунда сүттү кайра иштетүүчү 6 ишкана Ветеринардык кызматтын каттоосунан өттү
22 апрель

Талас облусунда сүттү кайра иштетүүчү 6 ишкана Ветеринардык кызматтын каттоосунан өттү

Талас облусунда сүттү кайра иштетүүчү алты ишкана Ветеринардык кызматтын реестрине катталды. 

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, алар:

“Арашан” ААК;

“Талас-Сүт” ЖАК;

“Талас Даамы” ЖЧК;

“Эмилия” ЖЧК;

Н. Төрөкулова ЖК;

“Эжигей” ЖЧК;

Сүттүн наркы анын майлуулугуна жараша министрлик бекиткен бааы менен сатылат. Мисалы, майлуулугу 3,2-3,4 % болгон сүт - 32 сом, ал эми 3,4% - 38 сомдон болот.

Аталган алты ишкананын төртөө өз продукциясын  («Арашан» ААК, «Талас-Сүт» ЖАК, «Талас Даамы» ЖЧК, «Эмилия» ЖЧК) ЕАЭБ аймагына, анын ичинде Россия Федерациясына экспорттой алат.

Ошондой эле,  “Талас-Сүт” ЖАК өз продукциясын Өзбекстанга экспортко чыгарат. Ал эми “Арашан” ААКсы, “Эмилия” ЖЧКсы жана “Талас Даамы” ЖЧКсы Кытай Эл Республикасынын реестринде катталган.