
Москвада КМШ ТИМ башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Москвада бүгүн, 7-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШ ТИМ башчылар кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык күн тартибинин жана шериктештиктин форматындагы өз ара аракеттенүүнүн маселелери боюнча пикир алмашышты.
Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жана мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган чечимдердин долбоорлору каралды.
Жыйындын аягында КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки жыйынын 2025-жылдын 11-апрелинде Казакстанда өткөрүү чечим кабыл алынды.