Бишкектеги демонтаж: учурда буздурулуп жаткан объектилердин ордуна эмне жайгашаары айтылды
24 октябрь

Бишкектеги демонтаж: учурда буздурулуп жаткан объектилердин ордуна эмне жайгашаары айтылды

Бишкек мэриясы шаардагы каналдардын коргоо зоналарын таштандылардан тазалоо жана ал жерге мыйзамсыз салынган объектилерди бузуу боюнча көптөгөн иштерди алып барууда. Анын айрымдары убактылуу мөөнөткө ижарага алынса, кээ бир тилкелер үчүн кызыл китеп берилип кеткен. Мындай учурда мэрия сотко кайрылууга аргасыз. 

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мелис Нурланбеков билдир. 

Айтымында, Ала-Арча, БЧК жана Аламүдүн каналдарынын боюндагы буздурулган объектилердин 43ү капиталдык курулуштар болгон. 

“Эмне себептен биз бул объектилерди буздук? Ооба, ал объектелирдин ээлеринин жеке менчик укуктары бар. Бирок жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө, алардын укугу 3 сотых жерге болсо, дагы 3 сотыхту мыйзамсыз кошуп, мыйзамсыз кеңейтип алган. Биз буларды өзү билемдик деп тааныйбыз. Бирок эл менен сүйлөшө келгенде танышат, “мен билген эмесмин” дешет. Бузууга дароо эле бара койбойбуз, баары талданып, аныкталгандан кийин гана бузуу процессин баштайбыз”, – деди ал. 

Нурланбеков белгилегендей, бошотулган жерлер эл колдонуучу жай, башкача айтканда, муниципалдык бош аймак болот. 

“Бузуу учурунда эң көп кез келген кыйынчылык: “Эмнеге менин объектимди бузуп жатасыңар? Бул жерге башка бирөө бирдеме курабы?” – деген суроо. Жок. Эч ким эч нерсе курбайт. Учурунда мыйзамсыз берилип кеткен жерлерге иретсиз салынган объектилерден шаарды тазалап, көркүнө келтирүүгө умтулуп жатабыз”, – деди.