Кыргызстанда бир жумада 19 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
7 октябрь

Кыргызстанда бир жумада 19 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстандын аймагында 30-сентябрдан 6-октябрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 51 жол эрежесин бузуу фактылары катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 509;
  • Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 188;
  • Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 46;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 599;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3228;
  • Автоээнбаштык – 11;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 748;
  • Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 600;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1834 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.