Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаңы камсыздандыруу өнүмүн сунуштады
Кыргызстандын курулуш тармагында коопсуздуктун жаңы стандарты пайда болду. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (МКУ) алгачкылардан болуп, курулуш компаниялары менен батир сатып алуучулардын муктаждыктарына ылайыкташкан өзгөчө камсыздандыруу өнүмүн иштеп чыгып, иш жүзүнө киргизди. Бул жаңылык эки тарап үчүн тең чоң артыкчылык болуп калды.
Жаңы механизмдин маңызы эмнеде?
МКУ менен өнөктөштүк келишимине кол койгон алгачкы курулуш компаниясы — Vilar болду. Бул кызматташуунун алкагында компаниядан сатып алынган ар бир батир 3 жылдык камсыздандыруу менен берилет.
Башкача айтканда, сатып алуучу батирдин ачкычын алган учурда, ал батир автоматтык түрдө 3 жылга табигый жана техногендик коркунучтардан толук камсыздандырылган болот.
Негизги көрсөткүчтөр:
Бир мүлк бирдигине жылына 1 миллион сомго чейин камсыздандыруу суммасы каралган.
Бул жаңы камсыздандыруу өнүмү камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүүгө, компаниялар менен кардарлардын ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана курулуш тармагында социалдык жоопкерчиликтүү туруктуу тажрыйбаны калыптандырууга багытталган.
