
Ош шаарында убактылуу газ берүү токтотулат
Ош шаарында убактылуу газ берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от 8-октябрь саат 09:00дөн тартып, 9-октябрь саат 10:00гө чейин жок болот.
Буга Өзбекстандын АК "Узтрансгаз" ишканасы "Ходжабад-Ош" магистралдык газ түтүктөрүнө пландуу оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөрү себеп болгон.
Ош мэриясы уактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.