Бишкек — Балыкчы багыты боюнча поезд каттай баштады
7 июнь

Бишкек — Балыкчы багыты боюнча поезд каттай баштады

2025-жылдын 6-июнунда Бишкек — Балыкчы багыты боюнча алгачкы жүргүнчү поезди аркылуу 696 жүргүнчү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы кабарлайт.

Курамда 12 вагон:

  • 5 стандарттык,
  • 1 люкс,
  • 4 VIP,
  • 1 VIP-купе,
  • 1 даана вагон-генератор камтылган.

Жүргүнчүлөрдүн Балыкчы шаардык көл жээгине чейин ыңгайлуу жана коопсуз жетүүсү үчүн зарыл шарттар түзүлдү. Бул багытта “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы тарабынан иштер аткарылып, 5 чакырымдан ашуун темир жол тилкеси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул инфраструктуралык жаңылануу туристтик каттамдын сапатын жогорулатып, жүргүнчүлөрдүн көл жээгине чейин түз жетүүсүнө өбөлгө түздү.

Балыкчы шаардык мэриясы келген конокторду шаңдуу маанайда тосуп алып, алар үчүн атайын концерттик программа уюштурду. Иш-чарада жергиликтүү өнөрпоздор улуттук ыр-күүлөрдү тартуулап, калаа меймандары үчүн унутулгус маанай жаратты.