Ысык-Көлдө, Кырчын жайлоосуна алып баруучу Семёновка–Ак-Суу унаа жолунда асфальттоо иштери башталды
Ысык-Көл облусунда жайгашкан туристтик жана маданий мааниге ээ болгон Кырчын жайлоосуна жана анын айланасындагы кооз өрөөндөргө алып баруучу унаа жолдордо асфальттоо иштери жүрүүдө.
Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып жаткан долбоордун алкагында Семёновка–Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымдык жана Григорьевка–Көл–Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымдык тилкесин, жалпысынан 34 чакырым жолду асфальттоо пландаштырылган.
Бул долбоор Кырчын жайлоосуна жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, туристтик инфраструктуранын өнүгүшүнө жана жергиликтүү калктын кыймылынын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.
Учурда Семёновка–Ак-Суу тилкесинде 6 чакырым аралыкта саббейс төшөлүп, 3.5 чакырым тилкеде эки тараптуу асфальттоо иштери жүрүүдө. Ал эми Григорьевка–Көл–Кашка-Суу багытында жолдун негизи даярдалып, бейс материалы төшөлүүдө. Жакынкы күндөрү тоо тектерине жардыруу иштери да жүргүзүлөт.
Жолду кеңейтүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана көпүрөлөрдү оңдоо иштери да улантылууда. Жалпысынан тен ашык суу өткөргүч түтүкчө орнотулуп, 5 көпүрөдө оңдоо иштери каралган.
Жол курулуш иштерин «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №7 Жол тейлөө ишканасы аткарууда. Бардык иштер белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
