Ошто эки жашар кыздын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Ош шаарында бүгүн, 9-декабрда Chevrolet Malibu жана Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, андан эки жаштагы кыз чарчап калды.
Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кырсык Курманжан датка көчөсүндө болгон.
Chevrolet Malibu унаасынын айдоочусу башка унааларды троллейбуска арналган тилкеден басып өтүүгө аракет кылып, Daewoo Tico унаасын сүзүп алган. Жол кырсыгынан кийин Chevrolet Malibu тротуардын сол тарабына оодарылып кеткен.
Кырсыктан наристе жеринде көз жумган, анын атасы ооруканага жеткирилген.
Аталган факты боюнчча териштирүү иштери жүрүп, окуянын чоо-жайы такталууда.
