МКУ: 2025-жылдын 11 айында 127,6 млн сомдон ашуун компенсация төлөп берди
Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму ААК (МКУ) бүгүнкү күнгө карата жарандарга жалпы 127 653 745,51 сом компенсация төлөп берди. Бул көрсөткүч мамлекеттик камсыздандыруу системасынын ишенимдүү жана туруктуу ишке ашып жатканын айгинелейт.
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр:
- Жалпы учурлар: 236
- Төлөнгөн сумма: 30 561 946 сом
- Анын ичинен өрт кырсыгына кабылгандар: 145 үй
- Өрт боюнча төлөм: 27 580 319 сом
Салыштыруу үчүн, 2024-жыл ичинде жалпы компенсация 69 554 964 сом болгон. Демек, бир жыл аралыгында төлөмдүн көлөмү дээрлик эки эсеге өсүп, МКУ 2025-жылы абдан чоң өсүшкө жетишти.
ОСАГО боюнча (2025-жылдын 11 айына карата)
- Жол кырсыгына кабылган учурлардын саны: 758
- Жалпы төлөм: 71 838 635,48 сом
Бул көрсөткүчтөр мамлекеттик камсыздандыруу системасы адамдардын коопсуздугун чыңдоодо маанилүү роль аткарып жатканын көрсөтөт. Камсыздандыруу күтүүсүз кырсыктардан кийинки чыгымдарды азайтып, экономикалык туруктуулукту сактоого жардам берет.
