Ноокатта маршруттук каттамдар автобекетке жылдырылды
Ноокат шаарында 12-январда борбордук көчөлөрүн иретке келтирүү, автоунаа тыгындарын жөнгө салуу максатында рейддик иш чара өткөрүлдү.
Ага Ноокат шаарынын мэри Аскарали Абдибаев РИИБдин башчысы Жуманазар Орозбаев, ЖКК кызматкерлери, Жол тейлөө мекемесинин өкүлдөрү жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө шаардын борборунан каттаган маршруттук каттамдар автобекетке жылдырылып, тротуарлар аркылуу чоң жолго өткөн жолду темир тосмо менен жабуу жана башаламан соода жүргүзүүнү иретке келтирүү боюнча тийиштүү мекеме, ишканаларга тапшырмалар берилди.
Аны менен катар жарандарга жолду атайын белгиленген жөө жүргүнчү өтүүчү жерден гана кесип өтүү боюнча эскертүү иштери жүргүзүлдү.
