Чаткалда жаңы өрткө каршы-куткаруу бөлүгү пайдаланууга берилди
9 декабрь

Чаткалда жаңы өрткө каршы-куткаруу бөлүгү пайдаланууга берилди

Чаткал районунун Терек-Сай айылында 8-декабрда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №79 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы курулган имараты расмий түрдө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. 

Иш-чарага КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Ч. Шекенов, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Сеңирбаев, жергиликтүү бийлик, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, айыл тургундары жана бөлүктүн өздүк курамы катышты.

Жаңы имараттын курулушу жергиликтүү бийликтин жана түрткү берүүчү гранттын каржылоосу менен жүргүзүлүп, 2024-жылда башталып, 2025-жылы аяктаган.

Министрлик тарабынан өздүк курамга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эмеректер, тиричилик техникалары менен камсыздалып, демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу имараттын алдына асфальт төшөө иштери жүргүзүлгөн.

Жаңы имарат куткаруучулардын кызматтык шарттарын жакшыртып, Чаткал районундагы өрт жана ар кандай табийгый кырсыктарга ыкчам чара көрүүсүнө шарт түзөт.