Сот Имамидин Ташовдун иши боюнча чечим кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти
Бишкек шаардык сотунда KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун иши боюнча апелляциялык арызды кароо аяктады.
Айыпталуучу акыркы сөзүн айткандан кийин соттук коллегия чечим кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирди.
Ташов журналисттерге билдиргендей, жактоочулар тарап өз жүйөлөрүн келтирип, сотко өз позициясын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алды.
«Өзүмдүн туура экениме ишенген адам катары, албетте, адилеттүү өкүм чыгат деп күтүп жатам», – деди ал.
Ишкердин айтымында, шаардык сотто коргоо тарабына биринчи инстанциядагы сот процессине салыштырмалуу өз позициясын кеңири түшүндүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилген.
Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташовду мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, мындай аракеттерге ачык чакырыктар жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.
Ишкер 2024-жылдын апрель айында кармалган. Коргоо тарабы бир нече жолу аны мыйзамсыз кармоо, кыйноого алуу жана күч органдары тарабынан кысым көрсөтүү болгонун билдирген. УКМК бул айыптоолорду четке каккан.
Адвокаттар ошондой эле катаал мамиле жасалганы тууралуу билдирүүлөргө толук кандуу укуктук баа берилген эмес деп айтышкан. Эми Бишкек шаардык соту тараптардын жүйөлөрү боюнча чечим чыгарышы керек.
