Мамлекеттик бажы кызматы Кытайдан келген цемент ташуучу унааларда товарларды жашыруу фактысын аныктады
9 декабрь

Мамлекеттик бажы кызматы Кытайдан келген цемент ташуучу унааларда товарларды жашыруу фактысын аныктады

​Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы тарабынан бажы мыйзам бузууларын алдын алууга жана болтурбоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынан «Ц.С» ЖЧКсынын дарегине бара жаткан чиркегичтүү алты унаа (цемент ташуучу унаалар) кармалган.

​«Дордой» базарынын аймагында чет элдик белгисиз адамдар каптарга салынган декларацияланбаган товарларды түшүрүшкөн. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө цемент ташуучу унаалардын атайын бөлүктөрүндө автоунаа тетиктери жана тиричилик буюмдары катары аныкталган декларацияланбаган товарлар бар экени аныкталган.

​Андан тышкары, унааларды карап чыгууда чиркегичтердин идентификациялык номерлеринин (VIN коддорун) өзгөртүлгөнү аныкталган, бул унаалардын чыгарылган жылы жөнүндө билдирилген маалыматтардын аныктыгына таасир этиши мүмкүн жана бажы төлөмдөрүнөн качуу аракетин көрсөтүп турат.

Учурда тиешелүү экспертизалоо, ошондой эле келтирилген зыянды баалоо жүрүп жатат, андан кийин материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилет.

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы товарларды жашырууга жана бажы мыйзамдарынын башка бузууларына жол берилбестигин эскертет. Мамлекеттик бажы кызматы мындан ары да Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231 жана 241-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилерин камтыган мындай аракеттерди алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча мыйзамдуу түрдө белгиленген чараларды ырааттуу түрдө көрө берет.