Ош шаарында оңдоодон өткөрүлгөн 3 көчө пайдаланууга берилди
26-августта Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 3 көчө пайдаланууга берилди.
Мэриядан кабарлашкандай, алар:
- Маткеримова (Уруцкий);
- Алымбеков (Краснофлотск);
- Байтемиров көчөлөрү.
Ачылышка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышты.
