Ош облусунун башчысы Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздардан кабар алды
9 декабрь

Ош облусунун башчысы Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздардан кабар алды

Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев алгачкы иш сапарын бүгүн, 9-декабрда Чоң-Алай районунан баштап, Бурган-Суу айылына көчүп келген памирлик кыргыз боордоштордон кабар алды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Облус башчысы жаңы конуштагы үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттары менен таанышып, күнүмдүк турмушу, кыш мезгилине даярдыгы жана негизги муктаждыктары тууралуу сурады.

Анда пенсия, кошумча жумушка орношуу, мектепти бүткөн балдарды жогорку окуу жайга киргизүүгө көмөктөшүү сыяктуу маселелер айтылды. Облус жетекчиси көйгөйлөрдү угуп, баарын карап чыгып чечкенге аракет кылаарын билдирди.

Учурда памирден көчүп келген үй-бүлөлөр бардык зарыл шарттары менен камсыздалган жаңы салынган турак жайларда жашап жатышат.

Маалыматка ылайык, Чоң-Алай районунда жалпысынан 22 үй-бүлөдө 98 жаран жашайт. Алардын ичинен 12 үй-бүлөдөгү 47 балага ай сайын 2040 сом өлчөмүндө мамлекеттик жөлөк пул төлөнүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 35 жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып, дагы 4 адам «Кайрылман» күбөлүгүнө ээ болгон. Ошондой эле бул конушта төрөлгөн 8 балага тиешелүү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилген.

Белгилей кетсек, памирден көчүп келген кыргыздарга эки үй-бүлөгө ылайыкталган жалпысынан 12 турак жай курулган.