Казак ырчысы Димаш Кудайберген БУУнун ак ниет элчиси болду
9 декабрь

Казак ырчысы Димаш Кудайберген БУУнун ак ниет элчиси болду

Казак ырчысы Димаш Кудайберген БУУнун ак ниет элчиси болду. Бул тууралуу Эл аралык Миграция уюму (ЭМИ) жарыялады.

Алар Димаш өзүнүн искусствосу жана гуманитардык иштери аркылуу дүйнө жүзүндөгү кризистерден жабыркаган адамдардын абалына көңүл буруп жатканын белгилешти.

Салтанатта артист бул ролду чоң жоопкерчилик катары көрөрүн жана коопсуз миграция, инклюзивдүүлүк жана өз ара жардам берүү идеяларын жайылта берерин билдирди. Ал ЭМИнин өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу жана каражат чогултуу демилгелерин колдоо ниетин баса белгиледи.

Ырчы ошондой эле гастролдору учурунда гуманитардык долбоорлорду колдогону үчүн көрүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирди.